Венгрия өкмөтү Баткен облусунун жабыркаган калкына гуманитардык жардам көрсөтүүгө даяр
Венгриянын ТИМи кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалдын курчушуна кайгырганын билдирди
Бир күн мурун, 21-сентябрда Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Нью-Йорк шаарында өтүп жаткан БУУнун Башкы Ассамблеясынын 77-сессиясынын алкагында Венгриянын тышкы экономикалык байланыштар жана тышкы иштер министри Петер Сийярто менен жолугушту.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулашты. Тактап айтканда, 2022-жылы өз ара жогорку деңгээлдеги сапарларды уюштуруу жана парламенттер аралык байланыштарды мындан ары чыңдоо маселелери талкууланды.
Венгер-кыргыз өнүктүрүү фондунун иши, фонддун алкагында биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу маселелери талкууланды. Министрлер кыргыз-венгер стратегиялык кеңешинин, экономикалык кызматташуу боюнча кыргыз-венгер өкмөттөр аралык комиссиясынын, ошондой эле Ишкер кеңешинин алкагындагы биргелешкен иштерди талкуулашты.
Тараптар ошондой эле маданий-гуманитардык кызматташуу маселелерин талкуулашып, Кыргызстанда Венгриянын маданият күндөрүн жана август айында уюштурулган Кыргызстандын Венгриядагы маданият күндөрүн жогору баалашты. Билим берүү тармагындагы кызматташтыкты мындан ары чыңдоо маселелерине токтолуп, Кулубаев кыргыз жаштарынын Stipendium Hungaricum билим берүү программасына кызыгуусу артканын баса белгилеп, бул багытта Кыргызстанга берилген квоталар үчүн ыраазычылык билдирди.
Жолугушууда КР Тышкы иштер министри ошондой эле кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы кырдаал тууралуу маалымат берип, Кыргызстандын өлкөлөр ортосундагы талаш-тартыштарды тынчтык жолу жана саясий-дипломатиялык ыкмалар менен гана чечүү боюнча позициясын баса белгиледи.
Венгриянын Тышкы иштер министрлигинин башчысы чек ара аймактарындагы кырдаалдын курчушуна өкүнүчүн билдирип, Венгриянын өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун жабыр тарткан калкына гуманитардык жардам көрсөтүүгө даярдыгы тууралуу маалымат берди.
КРнын ТИМ маалымат департаменти
Сүрөт www