Президенттик аппарат Садыр Жапаров АКШга учуп барган учакты сатып алууну көздөөдө
Мамлекет башчынын басма сөз катчысы белгилегендей, акыркы рейс бекер болгон
Президенттик администрация Садыр Жапаров Нью-Йоркко БУУнун сессиясына учуп кеткен Bombardier Global Express XRS учагын ижарага алууну көздөөдө. Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев социалдык тармакка жазды.
Анын айтымында, акыркы рейс сыноо жана бекер болгон, кыргыз тарап күйүүчү май үчүн гана төлөгөн.
"Учак чакан делегация менен чет өлкөлүк сапарлар үчүн колдонулат", - деп түшүндүрдү ал. - Бул борттун баасы арзан, айрыкча мурда учкан ТУ-154 күйүүчү майды алда канча көп сарптайт. Кошумчалай кетсек, эски учак өзүнүн эскилигине байланыштуу Америкага да, Европага да жетпейт. Бирок лизингге жаңы учак сатып алуу боюнча акыркы чечим чыга элек”.
Сүрөт www