Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Орусиялык жаран 15 даана Iphone 14 PRO телефонун Кыргызстанга мыйзамсыз алып кирүүгө аракет кылган (фото)

Бажы кызматкерлери «Манас» аэропортунан Россия Федерациясынын жаранын кармашты

Евразия экономикалык бирлигинин жана Кыргыз Республикасынын бажы мыйзамдарын бузууларды аныктоого жана бөгөт коюуга багытталган иш-чараларды жүргүзүүдө «Манас» бажысынын кызматкерлери 17-сентябрда саат 04:50 чамасында № ФЗ1461 рейси менен келген жүргүнчүлөрдүн арасында бажы көзөмөлүн жүргүзүүдө. «Дубай-Бишкек» каттамында Россия Федерациясынын жараны М.Г.О. 15 даана Iphone 14 PRO үлгүсүндөгү уюлдук телефондорду мыйзамсыз алып кирүүгө аракет кылган.


Кармалган телефондордун болжолдуу баасы 2 116 500 сомду түзгөн.

Материалдар КЖБРде катталат жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык юрисдикцияга өткөрүлүп берилет.


КРнын Финансы министрлигине караштуу Бажы биримдигинин басма сөз кызматы
Сүрөт TС

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх