Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Данияр Амангелдиев Кыргыз элин Мамлекеттик тил күнү менен куттуктады

1989-жылы кыргыз тили мамлекеттик тил статусуна ээ болуп, бул эгемендүү мамлекетти куруудагы олуттуу кадам болду

Экономика жана соода министри Данияр Амангелдиев Кыргызстан элин Мамлекеттик тил күнү менен куттуктады.

«Урматтуу кесиптештер, мекендештер! Сиздерди Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил күнү менен чын дилимден куттуктайм!

1989-жылы 23-сентябрда Кыргыз ССР Жогорку Совети мыйзам кабыл алган, ага ылайык кыргыз тили мамлекеттик тил статусуна ээ болгон. Бул эгемендүү мамлекетти куруудагы олуттуу кадам болду.

Дүйнөлүк маданияттын эң улуу мурасы – “Манас” эпосунун тили болгон мамлекеттик тил, Алыкул Осмоновдун, Чыңгыз Айтматовдун тили Кыргызстан элинин ынтымагына, өнүгүп-өсүшүнө кызмат кылсын.

Келечекте элибизге бакыт, тынчтык жана бакубатчылык каалайм!”

Экономикалык соода министрлигинин басма сөз кызматы
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх