Түркияда өтө турган Көчмөндөр оюндарынын символу катары карышкыр тандалды (видео)
Уюштуруучулар жаңы символду расмий түрдө тапшырышты
Түркияда 29-сентябрдан 2-октябрга чейин өтө турган Көчмөндөр оюндарынын тумары катары карышкыр тандалды. Сүрөт уюштуруучулардын социалдык тармактардагы расмий баракчаларында тартууланды.
Эске сала кетсек, Түркиянын Изник шаарында ушул эле аталыштагы көлдүн жээгинде өтө турган мелдешке дүйнөнүн 102 өлкөсүнөн 3 миңден ашуун этникалык спортчу катышаары күтүлүүдө.
Көчмөндөр оюндары 2014-жылы ойлоп табылган жана биринчи жолу Кыргызстанда өткөрүлгөн. Алгач оюндардын символу ак илбирс болуп, анын образын режиссер-аниматор Толгобек Койчуманов жараткан. Жаныбарды тандоо Кызыл китепке кирген жаныбардын бул түрүн коргоонун маанилүүлүгүнө байланыштуу болгон.
Сүрөт www