Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

ИИМ Баткен элинин кайгысынын аркасы менен акча чогултканга аракет кылган шылуундар тууралуу айтты

Өлкө үчүн оор мезгилде өзүн ыктыярчы катары тааныштырган шылуундар чек арада жабырлануучуларга акча чогултуу боюнча билдирүүлөрдү таратышкан

Өлкө үчүн оор мезгилде Баткен облусундагы чек ара чыр-чатагынын кесепетинен 62 жараныбыз каза болуп, 198 жаран ар кандай жаракат алып, 430 ашык үй, мектептер, бала бакчалар жана башка административдик имараттар талкаланып, ал эми 136 миң 770 жаран үй-жайын таштап кетүүгө аргасыз болду. Тилекке каршы  мындай учурларды пайдаланып, адам баласынын кайгысынан акча табууга аракет кылган алдамчылар дагы бар болууда.

Биз жарандардын көңүлүн өздөрүн ыктыярчы, активист катары көрсөтүп, каражат чогултуу боюнча билдирүүлөрдү таратып жаткан алдамчылардын кылтагына илинип калбоого бурабыз.

Ошол эле учурда алар ар кандай банктык реквизиттерди көрсөтүп, анын үстүнө посттордун бирине Баткен облусундагы соңку окуяда жаракат алган жоокердин сүрөтүн тиркеп коюшкан.

Эскерте кетсек, акча каражаттарын которууга мүмкүн болгон атайын банк эсептер  расмий билдирүүлөрдө гана көрсөтүлөт.

 

ИИМдин Басма сөз кызматы

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх