Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Эл өкүлү чек ара аймактарынын тургундарына курал-жаракка уруксат берүүнү сунуштоодо

Улан Бакасов кыргызстандыктар сырттан коркунуч болгондо өзүн коргой алышы керек деп эсептейт

Депутат Улан Бакасов чек ара аймактарынын өзгөчө статусу бар тургундарына курал-жаракка уруксат берүүнү сунуштоодо. Мыйзам коомдук талкууга коюлду.

Эл өкүлү белгилегендей, мыйзам кабыл алынса 20 жашка толгон, курал менен коопсуз жүрүүнүн эрежелери боюнча окуудан өтүп, билимин текшерген адамдар курал алууга уруксат ала алышат. Документ жашаган жери боюнча Ички иштер министрлиги тарабынан белгилүү бир мөөнөткө берилет жана ошол эле учурда куралды сактоого жана алып жүрүүгө уруксаат катары кызмат кылат.

Мыйзамдын негиздөөчү катында парламентарий мамлекет коомдун тынч жана туруктуу өнүгүүсү үчүн жагымдуу шарттарды түзүшү керектигин белгиледи.

«Эч ким эсинен чыгарбашы керек, карапайым калк кол салуулардын жана зордук-зомбулук актыларынын объектиси болуп калбашы керек. Жогоруда айтылгандардын негизинде мамлекет өзгөчө статусу бар чек ара аймактарында жашаган жарандарга тышкы коркунуч болгон учурда өмүрүн, ден соолугун жана мүлкүн коргоо үчүн курал колдонуу укугуна ээ болушу керек», - деп жазды Бакасов.

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх