Кызуу аңгемелешуу болду. КРнын ИИМдин РФдагы өкүлү мекендештер менен жарым-жартылай мобилизациялоо маселесин талкуулады
Аскердик милдеттен качкандарга карата мамиле тууралуу да сөз болду
ИИМдин имаратында Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Россия Федерациясындагы өкүлүнүн Москва шаарындагы жана Москва облусундагы кыргыз диаспораларынын жетекчилери, пенсионерлер жана ИИМдин ардагерлери менен биринчи тааныштыруу жолугушуусу уюштурулду.
Мекендештер менен жолугушууда КМШ БКБПнын Кыргыз Республикасынан директорунун орун басары, милициянын полковниги Аскат Алиев Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Россия Федерациясындагы жаңы өкүлү Исмайыл Сагыналиевди тааныштырды.
Бул иш-чарада катышуучуларга Ички иштер министрлигинин өкүлчүлүгүнүн жүргүзүп жаткан иштери жана ишмердүүлүгү, чек арадагы куралдуу кагылышуудан кийинки Кыргызстандагы коомдук-саясий абал тууралуу маалымат берилди. Мындан тышкары, бардыгына Россия Федерациясында кабыл алынган жаңы мыйзамдар, жарым-жартылай мобилизациялоо жөнүндө маалымат берилди.
Чакырылган коноктор сөз сүйлөп, ар кандай темаларды көтөрүштү.
Мигранттар арасындагы кылмыштуулуктун абалы, улуттар аралык чыр-чатактын алдын алуу, миграциялык мыйзамдардын бузулушунун алдын алуу боюнча көрүлүп жаткан чаралар сыяктуу актуалдуу маселелер талкууланды. Россия Федерациясында болуп жаткан акыркы окуялар, анын ичинде Россия Федерациясынын Куралдуу күчтөрүн жарым-жартылай мобилизациялоону жарыялоо жөнүндө Россиянын Президентинин жарлыгы талкууланды. Бул темада учурда Россия Федерациясынын жарандары болгон мекендештер арасында мыйзамдын сакталышы, аскердик милдеттен качкандарга карата мамиле тууралуу кызуу талкуулар болду.
Жыйындын катышуучулары мындай форматтагы жолугушууларды мындан ары да өткөрүү, жарандарыбыздын мыйзамсыз аракеттерине байланыштуу көйгөйлүү маселелерди талкуулоого көбүрөөк көңүл буруу зарылчылыгы тууралуу бир пикирге келишти.
Биз Россия Федерациясынын аймагындагы мекендештерибиздин маалымдуулугун жогорулатууга багытталган биргелешкен аракеттерди макулдаштык.
Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы
Сүрөт www