Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов Бишкекке келди

Ал кыргыз-өзбек чек ара маселелери боюнча КР менен Өзбекстан Республикасынын өкмөттүк делегацияларынын биргелешкен жыйынына катышат

Өзбекстан Республикасынын Премьер-министри Абдулла Арипов Кыргыз Республикасына иш сапары менен келди.

Жогорку даражалуу мейманды «Манас» эл аралык аэропортунан Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров тосуп алды.

Жумушчу сапарынын алкагында Өзбекстан Республикасынын Премьер-министри Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын өкмөттүк делегацияларынын кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселелери боюнча биргелешкен жыйынына катышат жана Кыргыз Республикасынын Президенти менен жолугушат.

Министрлер кабинетинин маалымат кызматы

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх