Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

КР УКМКнын Чек ара кызматы тажик ММКларын элди адаштырбоого чакырат

Буга чейин коңшу өлкөнүн журналисттери Тажикстандын жараны кыргыз чек арачылары тарабынан жаракат алганын маалымдаган

Мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде абал туруктуу деп мүнөздөлүп жатканын УКМКнын Чек ара кызматынын маалымат жана байланыш башкармалыгы билдирди.

Ошол эле учурда агенттик Ozodi.org сайтында жарыяланган «Кыргызстандын аскер кызматкерлери миномёттун жарылышынын натыйжасында жергиликтүү тургун жаракат алды» деген маалымат чындыкка дал келбей турганын белгилейт.

Кыргыз тарап эки өлкөнүн чек ара аймактарындагы кырдаалды турукташтыруу боюнча эл аралык келишимдер менен да, Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын делегацияларынын жолугушуусунун №42 Протоколу менен да камсыздалган эки тараптуу макулдашууларды так сактайт.

УКМК Тажикстандын компетенттүү жана укук коргоо органдарынын көңүлүн биргелешип кайтарылган чек арада улуттар аралык жаңжалды жана провокацияларды козутууга өбөлгө түзгөн атайылап жалган маалыматтарды тараткан массалык маалымат каражаттарына бурат.

Ozodi.org сайтында жарыяланган маалыматты Тажикстандын Исфара аймагы боюнча чек ара өкүлдөрү жана башка компетенттүү органдардын өкүлдөрү тастыкташкан жок.

«Маалым болгондой, Тажикстандын жаранын чек арага жакын жерде тажик аскер кызматкерлери орноткон зым жардырып жиберген», — деп билдирди министрлик.

УКМКнын Чек ара кызматы Тажикстан Республикасынын жалпыга маалымдоо каражаттарын мындай жалган жана негизсиз билдирүүлөр менен коомчулукту жана эки мамлекеттин чек ара аймактарынын тургундарын адаштырбоого чакырат.

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх