Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Садыр Жапаров Ижевск шаарындагы мектепке кол салуу боюнча Владимир Путинге көңүл айтты

Атышуудан 17 адам, анын ичинде 11 бала каза болгон

Президент Садыр Жапаров Россиянын президенти Владимир Путинге Ижевск шаарындагы мектепке болгон кол салууга байланыштуу көңүл айтты. Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз кызматы билдирди.

«Мен Россия Федерациясынын Удмурт Республикасынын Ижевск шаарындагы №88 мектепте ок атуудан адамдардын курман болгондугу тууралуу кайгылуу кабарды абдан өкүнүч жана боор ооруу менен алдым.

Кыргыз Республикасынын элинин атынан жана жеке өзүмдүн атымдан каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтам жана бул трагедиядан жапа чеккендердин бардыгынын тезирээк сакайып кетишин каалайм.

Орду толгус жоготуунун азабын жана ачуусун тең бөлүшөм”, - деп айтылат Садыр Жапаровдун телеграммасында.

Президенттин басма сөз кызматы
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх