Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Президенттин басма сөз катчысы Алтынбек Сулаймановдун нааразычылыгына жооп кайтарды

"Өлкө башчынын администрациясы карап отурбайт"

Президенттик аппарат масштабдуу административдик-аймактык реформаны даярдап жатат. Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев социалдык тармакка жазды

Белгилей кетсек, буга чейин президенттин Ысык-Көл облусу боюнча мурдагы өкүлү Алтынбек Сулайманов аймактардагы жергиликтүү бийликти сынга алган. Ал белгилегендей, жергиликтүү бийликтин өнүгүүсү болбойт.

Өз кезегинде мамлекет башчынын басма сөз катчысы реформаларды бир күндө жүргүзүү мүмкүн эмес деп жазды.

«Тиешелүү долбоор жыл бою иштелип чыкты. Адистердин тобу иштеп жатат. Ал даяр болгондон кийин реформаны ишке ашыруу башталат. Президенттик аппарат да жөн отурган жок. Алгач өзүнчө аймакта эксперименталдык түрдө колдонулат, келечекте калган аймактарда иш уланат», - деди ал.

Султанбаев кошумчалагандай, мындай маселелер шашылыш чечилбейт.

«Административдик-аймактык реформа маселеси көп жылдардан бери көтөрүлүп келет. Деталдары кылдаттык менен иштелип чыккан. Биз популизмдин артына жашынып, “чийки” реформаларды жүргүзүү менен мамлекеттик түзүлүшкө зыян келтире алабыз”, - деп жыйынтыктады ал.

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх