Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Депутат: Акылбек Жапаров ар бир грамм алтын боюнча маалымат берем деп убада кылган, бирок азырынча бул багытта эч нерсе жасалган жок

Нурланбек Шакиев Кумтөрдүн иши боюнча Жогорку Кеңеште тез арада комиссия түзүүнү сунуштады

Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Нурланбек Шакиев Кумтөрдүн ишмердүүлүгү боюнча депутаттык комиссия түзүүнү сунуштады.

«Кумтөрдүн ишмердүүлүгү боюнча коомдо көптөгөн сөздөр, божомолдор айтылып жатат», - деп эскерет Шакиев. Акылбек Жапаров ар бир грамм алтын боюнча маалымат берүүнү убада кылган, бирок ушул убакка чейин бул багытта эч нерсе жасала элек. Тез арада алтын казган компаниянын ишмердүүлүгү боюнча депутаттык комиссия түзүүнү сунуштайм. Комиссиянын курамына бардык парламенттик фракциялардын лидерлери кириши керек. Канча алтын өндүрүлгөнүн, кайда сатылганын билишибиз керек?

Ислам Жолдошов
сүрөт www

 

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх