Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Ош шаарынын тургуну балдарын ууландырып, андан соң өз жанын кыюуга аракет кылган

Укук коргоо кызматкерлери жабыркагандарды куткарып калууга жетишкен

Ошто эне балдарын ууландырып, андан соң өз жанын кыюуга аракет кылган. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.

«Өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясына Ош шаарынын кичи райондорунун биринде эне балдарын ууландырыш үчүн дары бергендиги тууралуу маалымат келип түшкөн. - Окуя болгон жерге ИИБнын инспекторлору жана ыкчам-иликтөө тобу жөнөтүлдү. Алар 11 жана 13 жаштагы жашы жете элек өспүрүмдөрдү табышкан, аларга медициналык кызмат келгенге чейин биринчи медициналык жардам көрсөтүлгөн: суу берип, курсагын жууганга аракет кылышкан. Жаш өспүрүмдүн апасы камакка алынды. Милиция бөлүмүндө ал балдарына кемирүүчүлөргө каршы дары жана димедрол бергенин айткан. Анан ал өзүн-өзү өлтүргүсү келген. Учурда кармалган жаранга карата тергөө амалдары жүрүүдө. Анын мындай кадамга барышынын себептери иликтенип, психикалык саламаттыгы жана диний-экстремисттик агымга байланышы бар экендиги текшерилүүдө. Белгилүү болгондой, аял быйыл күйөөсү менен ажырашып кеткен. Балдар ооруканага жаткырылды. Көрсөтүлгөн жардамдан кийин алардын абалы канааттандырарлык. Аларды жайгаштыруу маселеси боюнча социалдык кызматтар иштеп жатат.

Михаил Готфрид
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх