Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Орусия менен Казакстандын чек арасында 20 чакырымга созулган тыгын пайда болду (видео)

Ал ортодо эки гана жүргүнчүсү бар учак Бишкектен Москвага учуп кетти

Кыргызстандык жүк ташуучулар орусиялыктардын көп агымынан улам Орусия менен Казакстандын чек арасында бир нече күн турууга аргасыз. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына чек арадагы тыгынга кабылган оор жүк ташуучу унаалардын айдоочуларынын бири билдирди.

- Мурунку күнү Маштаково постунда тыгын 20 чакырымдан ашыкка созулуп кетти, - дейт жүк ташуучу. Башка посттордо да ушундай эле абал. Эл чек арада төрт күндөн бери турушат.

Ал ортодо социалдык тармакта Бишкектен Москвага учуп келе жаткан кыргызстандык жаран тартып алган видео пайда болду. Салондо эки гана жүргүнчү болгон — видеонун автору өзү жана анын уулу.


Эске салсак, 21-сентябрда Владимир Путин Орусияда жарым-жартылай мобилизация жарыялаган. Андан кийин Россия Федерациясынын чек араларында өлкөдөн чыгып кетүүнү чечкен эркектердин кезектери пайда болгон.

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх