ЖК Кыргызстанда майнинг компанияларынын ишмердүүлүгүнө тыюу салууну сунуштады
Депутат Султанбай Айжигитовдун айтымында, мындай иштер электр энергиясынын тартыштыгына гана алып келет
Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Султанбай Айжигитов Энергетика министрлигине Кыргызстандын аймагында майнинг ишмердүүлүгүнө тыюу салууну сунуштады.
- Көптөгөн өнүккөн өлкөлөрдө мындай ишканалардын ишмердүүлүгүнө тыюу салынган, бирок алар электр энергиясын өздөрү өндүрсө, анда чектөө жок деп айтып жатасыз, - деди Айжигитов энергетика министринин орун басары Тилек Айталиевге кайрылып. - Мындай ишканалардын ишмердүүлүгү электр энергиясынын тартыштыгына гана алып келет. Ошондуктан Кыргызстандын аймагында майнинг компаниялардын ишмердүүлүгүнө тыюу салуу саясатын кабыл алууну сунуштайм.
Ислам Жолдошов
сүрөт www