Азия кубогу U-17: Бишкекте "I" тайпасынын тандоо этабы өтөт
Бишкекте 17 жашка чейинки жаштар курамалары арасында Азия кубогу-2023 тандоо турнири өтөт. 17 жашка чейинки жаштар курама командасынын катышуусундагы оюндар 5, 7 жана 9-октябрда Д.Өмүрзаков атындагы стадиондо өтөт.
Бир “I” тайпасында Иран, Лаос, Гонконг жана Кыргызстандын командалары ойнойт. Квалификацияда 10 тайпага бөлүнгөн 43 команда ат салышат.
1-октябрдан 9-октябрга чейин бул турнирди он мамлекет – Австралия, Бангладеш, Индонезия, Иордания, Кыргызстан, Оман, Сауд Арабиясы, Тажикстан, Өзбекстан жана Вьетнам кабыл алат.
Топтун курамы:
А тайпасы: Жапония, Иордания (үй ээси), Сирия, Филиппин, Түркмөнстан
В тайпасы: Индонезия (үй ээси), Малайзия, Палестина, Гуам, БАЭ.
С тайпасы: Оман (үй ээси), Ирак, Катар, Ливан, Бахрейн.
D тайпасы: Индия, Сауд Арабиясы (үй ээси), Мьянма, Мальдив аралдары, Кувейт.
Е тайпасы: Йемен, Бангладеш (үй ээси), Сингапур, Бутан.
F тайпасы: Таиланд, Вьетнам (үй ээси), Тайвань, Непал.
G тайпасы: Австралия (үй ээси), Кытай, Камбоджа, Түндүк Мариан аралдары
H тайпасы: Тажикстан (үй ээси), Ооганстан, Чыгыш Тимор (чыгып кетти), Монголия.
I тайпа: Иран, Гонконг, Кыргызстан (үй ээси), Лаос.
"J" тайпасы: Корея Республикасы, Бруней, Өзбекстан (үй ээси), Шри-Ланка.
Он квалификациялык топтун жеңүүчүлөрү жана алдыңкы беш экинчи орунду ээлегендер 2023-жылдын май айында өтүүчү Континенталдык жаштар чемпионатынын финалына чыгышат.
сүрөт www