Жогорку Сот кримавторитет Женгонун ишин жаңы соттук териштирүүгө жөнөттү
Буга чейинки эки инстанциянын өкүмдөрү жокко чыгарылган
Жогорку Сот кримавторитет, Женго лакап аты бар Кадыр Досоновдун иши боюнча эки инстанциянын өкүмүн жокко чыгарды. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына соттун басма сөз кызматы билдирди.
Мындай чечим 21-сентябрда кабыл алынганы такталган.
«Иш башка курамдагы биринчи инстанциядагы соттун жаңы кароосуна жиберилди», - деп жыйынтыктады Жогорку Сот.
Эске салсак, Кадыр Досонов башка бирөөнүн жерин мыйзамсыз басып алган, ошондой эле кылмыштуу кирешелерди адалдаган деп шектелген. Июль айында Ош облустук соту жер басып алуу боюнча ишти эскирүү мөөнөтү өтүп кеткендигине байланыштуу, ал эми кылмыштын курамынын жоктугуна байланыштуу мыйзамсыз кирешелерди легализациялоо боюнча ишти кыскарткан.
Сүрөт www