УКМК: Жалал-Абадда ири өлчөмдөгү баңги заты табылды (видео)
Шектүүдөн кургатылган марихуана алынган
Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө бөгөт коюу боюнча иш-чаралардын алкагында УКМК тарабынан үйүндө өзгөчө ири өлчөмдөгү баңги заты табылган Кыргызстандын жараны кармалды. Бул тууралуу аталган башкармалыктын басма сөз борбору билдирди.
«Тинтүү маалында баңгизаты табылып алынган, экспертизадан кийин алар кургатылган марихуана экени аныкталган», - деп билдирди коопсуздук кызматы. – Баңгизаттардын жалпы салмагы 833 граммды түзгөн. Шектүү УКМКнын СИЗОсуна киргизилип, тергөө иштери уланууда.
УКМКнын басма сөз борбору
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз