­
Владимир Путин Украинанын Запорожск жана Херсонск облустарынын көз карандысыздыгын таануу тууралуу жарлыктарга кол койду - Вести.kg - Новости Кыргызстана
Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Владимир Путин Украинанын Запорожск жана Херсонск облустарынын көз карандысыздыгын таануу тууралуу жарлыктарга кол койду

Документтер Россия Федерациясынын расмий укуктук порталында жарыяланган

Орусиянын президенти Владимир Путин Украинанын Запорожск жана Херсонск облустарынын көз карандысыздыгын таануу тууралуу жарлыктарга кол койду. Документтер Россия Федерациясынын укуктук маалыматынын расмий порталында жарыяланган, алар күчүнө кирген деп эсептелет.

Документтерде мындай чечим “эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптерине жана нормаларына ылайык, БУУнун Уставында бекитилген элдердин бирдей укуктары жана өз тагдырын өзү аныктоо принцибин таануу жана тастыктоо” жана “эркти эске алуу менен” кабыл алынганы айтылат.

Эске салсак, буга чейин бир катар саясий лидерлер, анын ичинде АКШ, Украина жана башка өлкөлөрдүн президенттери, ошондой эле эл аралык уюмдардын жетекчилиги 23-27-сентябрда өткөн референдумдун жыйынтыгын тааныбай турганын билдиришкен. Украинанын Донецк, Луганск, Херсонск жана Запорожоск облустарынын аймагы.

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх