Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстандык студенттер арасында бокс боюнча дүйнө чемпиону болду (фото)

Өмүрбек Бекжигит уулу башка өлкөнүн атаандаштарын үч жолу катары менен жеңип алды

Кыргызстандык Өмүрбек Бекжигит уулу студенттер арасындагы бокс боюнча эл аралык чемпионатта жеңишке жетти. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин алдындагы Дене тарбия жана спорт башкармалыгынан билдиришти.


- Турнир Самсун шаарында өттү, - дешти бөлүмдө. – Өмүрбек быйыл Сербияда өткөн Белграддын жеңүүчүлөрү турниринде жеңүүчү болгон. Эми Түркияда өткөн эл аралык мелдештерде жеңишке жетип, дүйнө чемпиону болду. Ал 80 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашты. Биздин спортчу Түркия, Түркмөнстан жана Германиядан келген атаандаштарын үч жолу катары менен жеңип алды. Финалдык беттеште Өмүрбек украиналык мушкерди жеңип, Кыргызстанга алтын тагынды.


Михаил Готфрид
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх