Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкектиктерди суукка даярданууну сунуштайт

Жылуулукту күтүп жаткан жарандарга абанын орточо температурасы төмөндөгөнүнө үчүнчү гана күн болгонун түшүндүрүштү

Жылытуу мезгилинин башталышы абанын орточо температурасы 5 күн катары менен +8 ℃ төмөндөгөндө аныкталат. Бүгүн, 3-октябрда үчүнчү гана күн.

Объекттерди туташтыруу бир нече күнгө созулат. Биринчи кезекте мектептерге, бала бакчаларга, ооруканаларга, төрөт үйлөрүнө жана социалдык коргоо мекемелерине жылуулук берилет. Экинчи кезекте - мурда керектелген жылуулук энергиясы үчүн карызы жок жана объектинин кышкы шарттарда пайдаланууга даярдыгы жөнүндө актысы бар турак жайларга, өнөр жай ишканаларына жана мекемелерине.

Урматтуу жарандар! Сураныч, суукка даярданыңыз – терезелерди жана эшиктерди жылуулап, көмүр камдап, жылуу кийиниңиз.

Турак жайды туташтырууда үйлөрдүн үстүнкү кабаттарынын жылытуучу приборлорунда жайгашкан Майевский крандары аркылуу жылытуу системасынын абасын чыгарууну суранабыз. Бул чара батирлерге жылуулуктун агымын тездетет.

Бишкек шаарынын мэриясы
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх