Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

ТИМ Дипломатиялык академиясы Улуу Британиянын Кембридж университети менен кызматташууну көздөдө

Университеттер биргелешкен лекцияларды жана семинарларды өткөрүүгө макулдашышты

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Дипломатиялык академиясы менен Улуу Британиядагы Кембридж университетинин ортосундагы кызматташтыкты орнотуунун алкагында 30-сентябрда Кыргыз Республикасынын Улуу Британиядагы элчиси Улан Джусупов, Дипломатиялык университеттин ректору Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Академиясында Чынара Адамкулова жана юридика илимдеринин доктору, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Дипломатиялык академиясынын проректору Зайнидин Курманов Кембридж форумунун Борбордук Азия боюнча төрагасы,Кембридж университетинин профессору Сиддхарт Саксена  менен жолугушту.

Тараптар биргелешкен илимий-изилдөөлөрдү, иш-чараларды жүргүзүүдө жана эл аралык билим берүү жана илимий долбоорлорду ишке ашырууда эки окуу жайдын ортосундагы кызматташтыкты түзүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти.

Биргелешкен лекцияларды жана семинарларды өткөрүү, ошондой эле Дипломатиялык академиянын илимий жана билим берүү потенциалын өнүктүрүү жана биргелешкен программаларды ишке ашырууга катышуу боюнча конкреттүү макулдашууларга жетишилди.

Ошондой эле Кембриджге болгон иш сапарынын алкагында университеттин Борбордук Азия боюнча адистешкен профессордук-окутуучулар жамааты жана студенттери менен жолугушуу болуп, аймакта болуп жаткан процесстер, Кыргыз Республикасында жүргүзүлүп жаткан маанилүү реформалар боюнча терең пикир алмашуу болду.


ТИМ маалымат бөлүмү
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх