Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Дастан Бекешев мамлекетти ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын муктаждыктарын эске алуу менен спорт имараттарын курууну милдеттендирүүнү сунуштады

Мыйзам долбоору коомдук талкууга чыгарылды

Депутат Дастан Бекешев мамлекетти дене тарбия жана спорт инфраструктурасын жаңысын курууда жана эскисин реконструкциялоодо мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн жеткиликтүүлүктү эске алууну милдеттендирүүнү сунуштоодо. Мыйзам долбоору коомдук талкууга чыгарылды.

Парламентарий Кыргызстанда мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын муктаждыктары үчүн атайын жабдылган 5 гана спорт зал бар экенин белгиледи.

«Ошол эле учурда ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын арасында дене тарбия жана спорт менен машыккандардын саны миң кишиге жетпейт. Орто эсеп менен ар бир облуста мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар арасында бирден массалык спорттук иш-чара өткөрүлөт. Ушуну эске алуу менен, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар үчүн жеткиликтүүлүгүн эске алуу менен дене тарбия жана спорт инфраструктурасын куруу жана реконструкциялоо милдети ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар үчүн дене тарбиясынын жеткиликтүүлүгүнө салым кошууга жана ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар арасында профессионалдык спортту өнүктүрүүгө салым кошууга тийиш. », - деп жыйынтыктады ал.

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх