Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Самбо боюнча дүйнө чемпионаты 2022-жылы Кыргызстанда өтөт

Турнир алгач Ашхабадда өткөрүлөт деп пландалган, бирок кийин анын орду Бишкекке өзгөртүлгөн

2022-жылы самбо боюнча дүйнө чемпионаты Кыргызстандын борборунда өтөт. Бул тууралуу Эл аралык самбо федерациясынын басма сөз кызматы билдирди. Турнир 11-ноябрда башталып, 13-ноябрга чейин Арча-Бешик конушундагы «Газпром» спорттук-эс алуу комплексинде уланат. Самбисттер 21 салмак категориясы боюнча күч сынашат:

Эркектер: 58 кг, 64 кг, 71 кг, 79 кг, 88 кг, 98 кг, +98 кг.
Кыз-келиндер: 50 кг, 54 кг, 59 кг, 65 кг, 72 кг, 80 кг, +80 кг.
Күжүрмөн самбо: 58 кг, 64 кг, 71 кг, 79 кг, 88 кг, 98 кг, +98 кг.

Чемпионаттын байге фонду 231 миң долларды түзөт. 2022-жылкы самбо боюнча дүйнөлүк чемпионаттын жобосунда алардын расмий сайтында акчалай сыйлыктарды бөлүштүрүү жазылган:
Алтын медал ээлери - 4000 доллар

Күмүш медал ээлери – 3 миң доллар
Коло медал ээлери – ар бири 2000 доллардан

Белгилей кетсек, 2022-жылы самбо боюнча дүйнө чемпионаты Түркмөнстандын борборунда өтүшү керек болчу.

«Түркмөнстандын Улуттук федерациясы бул турнирди өткөрүү ордун жылдыруу өтүнүчү менен ФИАСка өтүнүч жөнөттү. Дүйнө чемпиондугун өткөрүү боюнча талапкер өлкөлөрдүн сунуштарын кароодон кийин Кыргыз Республикасынын Самбо федерациясынын өтүнүчү ФИАС Аткаруу комитетинин мүчөлөрүнүн добушуна коюлуп, колдоо тапты», — деп айтылат билдирүүдө.

сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх