Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Жогорку Соттун төрагасы Теңиз Бөлтүрүк боюнча соттук коллегияны жазалоону суранды

Журналисттерди залдан кууп чыккан Фемида кызматкерлеринин аракеттери коомдун ишенимине жана системанын беделине доо кетирип жатканы белгиленген

Бишкек шаардык сотунун коллегиясынын аракети боюнча Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбековдун атынан Соттор кеңешине сунуш жөнөтүлдү. Бул тууралуу Жогорку соттун басма сөз кызматы билдирди.

Базарбеков судьялар Улан Садырбеков, Сүйүнбек Бекташов жана Жамила Сабитовага чара көрүүнү өтүнөт.

Арызда 2022-жылдын 3-октябрында адвокат Тенгиз Бөлтүрүктүн апелляциялык арызы боюнча соттук материалды кароо боюнча Бишкек шаардык сотунун Кылмыш жана жоруктар боюнча соттук коллегиясынын соттук отурумунун видеотасмасы массалык маалымат каражаттарына жана социалдык тармактарга таратылганы айтылат.  Видеодо коллегия тарабынан процедуралык мыйзам бузуулар көрсөтүлгөн.

«Соттук коллегия сот отурумуна катышууну каалаган журналисттердин аудио-видео жазууну жүргүзүү боюнча укуктарын жана милдеттерин түшүндүрбөстөн, аларды сот залынан чыгарды. Соттук коллегия соттук териштирүүнү процессуалдык тартипти бузуу менен өткөргөн жана алардын аракеттери сот бийлигинин беделин түшүрүп, элдин сот тутумуна болгон ишенимин кетирүүдө», - деп жыйынтыктады Кыргыз Республикасынын Жогорку соту.

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх