Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Россиядагы тажик мигранттары талкаланган Мариуполду калыбына келтирүүгө жөнөтүлдү

Айрым маалыматтарга караганда, 30 миңге чейин жумушчуну ишке жөнөтүү пландалууда

Акыркы бир нече айдын ичинде орусиялык курулуш компаниялары шаарды калыбына келтирүү үчүн жумушчуларды тарта башташты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Журналисттердин айтымында, жумушчуларга айына 250 миң рублга чейин акча, убактылуу турак-жай жана үч маал тамак берүү убада кылынган. Бирок айрым мигранттар азгырыктуу сунуштан баш тартышкан.

Жөнөтүлгөн так саны белгисиз. Ал арада тажик элчилиги орус бийлигинен Мариуполду калыбына келтирүүгө тажик жарандарын жөнөтүү боюнча расмий билдирүү ала электигин билдирди.

Басылма тажик курулуш компаниялары да Мариуполго куруучуларды тандап, жөнөтүп жатканын белгилейт. Мындан тышкары, чакан курулуш фирмаларына ээлик кылган тажик жарандары да шаарды калыбына келтирүү үчүн мигранттарды жөнөтүшөт. Алардын бири аты-жөнүн жана фирмасынын атын айтуудан баш тартып, Мариуполго 30 миң курулушчуну жөнөтүү боюнча арыз түшкөнүн билдирди.

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх