Президенттин ЖКдагы өкүлүнүн орун басары: Баткен облусундагы үйлөрдү калыбына келтирүү боюнча толук маалымат бериңизчи
Айбек Осмонов Тажикстандын куралдуу агрессиясынан кийин үй-жайсыз калган жарандардын абалына тынчсызданууда
Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Айбек Осмонов Тажикстандын аскерий агрессиясынан жапа чеккен Баткен районунун тургундарынын абалына тынчсыздануусун билдирди.
«Алдыда кыш, күн сайын аба ырайы салкындап баратат», - деди Осмонов ЖКдагы президенттин өкүлү Алмас Абытовго. - Коңшу өлкөнүн аскерий агрессиясынан жапа чеккен Баткен районунун тургундары ачык бойдон калды. Баткен облусунда турак жайларды калыбына келтирүү жана куруу же турак-жайсыз калган жарандарды жайгаштыруу боюнча кандай иштер жүрүп жатат? Бул багытта жасалып жаткан иштер боюнча толук маалымат берсеңиз.
Ислам Жолдошов
сүрөт www