Нурланбек Шакиев Жогорку Кеңештин жаңы төрагасы болуп шайланды
Анын талапкерлигин 80 депутат колдоду
Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар жаңы төраганы шайлашты.
Парламенттеги төрт фракция спикерликке Нурланбек Шакиевдин талапкерлигин көрсөттү. “Бүтүн Кыргызстан” фракциясы талапкер көрсөткөн жок. Жогорку Кеңештин төрагасын альтернативасыз шайлоо өттү.
Жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгында Нурланбек Шакиевдин талапкерлигин 80 эл өкүлү колдоп, алтоо каршы добуш берди.
Эске салсак, буга чейин парламенттин жыйынында Талант Мамытов депутаттарга кайрылып, спикерлик кызматтан кетээрин билдирген.
Ислам Жолдошов
сүрөт www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз