“Макмалалтын” комбинатынын жооптуу кызматкерлерине кылмыш иши козголду
Прокуратура материалдардын жетишсиздигин аныктады
Жалал-Абад облусунун прокуратурасы “Кыргызалтын” ААКнын “Макмалалтын” комбинатынын филиалында текшерүү жүргүздү.
«Кыргызалтын» ААКнын «Макмалалтын» комбинатынын филиалынын жана «Кыргызалтын» ААКнын «Кыргызалтын-курулуш» филиалынын жооптуу адамдарынан жалпы суммасы 2 млн 143 миң 686 сомдук товардык буюмдар жетишсиз болгон.
Бул факты боюнча Тогуз-Торо районунун прокуратурасы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 245-беренеси (Коммерциялык же башка уюмдардын кызматкерлеринин ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануу) боюнча кылмыш иши козголгон.
Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы
Сүрөт www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз