Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бактыбек Сыдыков Жогорку Кеңештин “Ата Журт Кыргызстан” фракциясынын жаңы лидери болду

Бир мандаттуу депутаттар “Мекенчил” тобун түзүштү. Аны Элмурза Сатыбалдиев жетектеген

Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Элмурза Сатыбалдиев бир мандаттуу депутаттар Жогорку Кеңештеги “Ата Журт Кыргызстан” фракциясынан бөлүнүп, “Мекенчил” тобун түзүшкөнүн жарыялады.

«Мен бир мандаттуу депутаттар «Ата Журт Кыргызстан» парламенттик фракциясынан бөлүнүп, «Мекенчил» депутаттык тобун түзүшкөнүн жарыя кылгым келет», - деди Сатыбалдиев. — «Ата-Журт Кыргызстан» фракциясынын лидери болуп Бактыбек Сыдыков шайланды.

Өз кезегинде депутат Жаныбек Абиров «Мекенчил» тобунун лидерин атады.

«Мекенчил» депутаттык тобунун лидери болуп Элмурза Сатыбалдиев шайланды», - деди Абиров.

Ислам Жолдошов
сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх