Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Дастан Бекешев президенттин ЖКдагы өкүлүнөн Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча бардык маалыматтарды берүүнү талап кылды

Эл өкүлү ошондой эле ИИМ жарандардын арыздарына өз убагында жооп бербей жатканына нааразы

Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Дастан Бекешев Ички иштер министрлиги жарандардын кайрылууларына өз убагында жооп бербей жатканына нааразы болду.

«Биздин өлкөдө коррупция эле эмес, алдамчылык дагы гүлдөп жатат», - деди Бекешев. - Ички иштер министрлиги жарандардан түшкөн арыз-даттанууларга өз убагында жооп бербей, чара көрбөй жатат. Эмне үчүн алар биз бул тууралуу айтып, ММК жазып, калктын кайсы бир бөлүгү шылуундардын курмандыгы болушун күтүп жатышат?

Мындан тышкары парламентарий добуш берүү алдында Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча бардык маалыматтарды берүүнү талап кылды.

«Добуш берер алдында Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча толук маалымат берүүңүздөрдү суранам», - деди депутат президенттин Жогорку Кеңештеги өкүлү Алмас Абытовго. — Өзбекстан менен болгон чек ара маселеси боюнча баарын билишибиз керек.

Ислам Жолдошов
сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх