Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Садыр Жапаров Кыргызстандагы орустар тууралуу: Мекенине экстрадициялоодон коркпошу керек

КРнын Президенти Россиянын жарандарынын агылып келишинен эч кандай зыян көрбөй турганын, болгону көп артыкчылыктарды белгиледи

Президент Садыр Жапаров Американын New York Times басылмасына берген маегинде Россия Федерациясындагы жарым-жартылай мобилизациядан улам Кыргызстанга келген орусиялыктар мекенине экстрадицияланып калуудан коркпошу керектигин айтты.

«Бул биздин өлкө үчүн жаңы көрүнүш», - деп белгиледи мамлекет башчысы. – Республикага канча орус келгенин так билбейм. Бирок алар, албетте, бул жакка келип, эркин иштей алышат. Анан алар өз мекенине экстрадициялоодон коркушунун кереги жок».

Ал адам ресурстарынын мындай агымы өлкөгө жардам берет деген ойдо.

«Биз эч кандай зыян көргөн жокпуз, тескерисинче, көптөгөн артыкчылыктарды көрүп жатабыз», - деп жыйынтыктады Жапаров.

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх