Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин бөлүм башчысы менен мурдагы орун басары кармалды

Экөө тең Бишкек шаардык ИИББнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди

Башкы прокуратура тарабынан Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин кызмат адамдарына карата КР Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси (Коррупция) боюнча кылмыш иши козголду.

Аталган башкармалыктын кызмат адамдары 2018-2019-жылдары чарба жүргүзүүчү субъекттердин өкүлдөрү менен кылмыштуу бүтүмгө келип, тастыктоочу документтери жана калдыктардын кооптуулугунун категорияларын аныктоочу реагенттер боюнча маалыматтары жок болуп, талаптарга каршы келгендиги аныкталган. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, калдыктардын коркунучтуу классынын төмөнкү категориясын мыйзамсыз белгилөө жана айлана-чөйрөнү булгагандыгы үчүн төлөмдөрдүн баасын төмөндөтүү жолу менен алтын казуучу айрым ишканалардын тиешелүү эмес ченемдик-техникалык документтери бекитилген, анын натыйжасында мамлекетке зыян келтирилген 100 миллион сомдон ашык сумманы тузду.

2022-жылдын 6-октябрында Башкы прокуратуранын Тергөө башкармалыгы тарабынан жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин жүрүшүндө аталган кылмышты жасоого шектелип, министрликтин Мамлекеттик экологиялык экспертиза башкармалыгынын башчысы С.Б.С., ошондой эле Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба агенттигинин кызматкери Р.А.А.кармалды.

Аларга КР Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси боюнча айып тагылып, баш коргоо чарасы камакка алынган.

Башкы прокуратуранын басма сөз борбору
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх