Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

БДКнын Кемпир-Абад боюнча билдирүүсү: Азыркы өкмөт КРнын аймактык бүтүндүгүн коргоодо өзүнүн толук ийгиликсиздигин көрсөттү

Оппозиция суу сактагычты Өзбекстанга берүүнү токтотууну жана бул маселени референдумга коюуну талап кылууда

Бириккен демократиялык кыймыл Кемпир-Абад суу сактагычындагы кырдаал боюнча кайрылуу таратты.

«Бийлик 10-октябрда ашынган шылуундук жана цинизм менен Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин «Кемпирабад суу сактагычын Өзбекстанга өткөрүп берүү жөнүндө:

- Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамын одоно бузууга жол берилсе;
- иш-чара парламенттик угуу, коомдук талкуу деп аталат, ал кийинчерээк комитеттин жыйынына айланган жана чечим кабыл алынган;
- массалык маалымат каражаттарына, блоггерлерге, коомдук активисттерге жана парламенттин депутаттарына болуп көрбөгөндөй басым болду;
- Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча материалдардын жашыруундуулугуна таянуу менен, берилген материалдар жалпыга ачык болуп, эч кандай жашыруун документтери жок болсо да, ЖК комитетинин отурумунун телекөрсөтүүсүн түз көрсөтүүнү өчүрүү.

Өзбекстан Кыргызстанга берип жатат делген аймактардын көбү буга чейин Кыргызстанга тиешелүү болгон, ал эми калган бөлүгү Кемпир-Абад суу сактагычынын курулушуна байланыштуу келтирилген зыяндын ордун толтуруу (компенсация) тартибинде бизге өткөрүлүп берилген, бул боюнча тиешелүү чечимдер бар.


Кемпир-Абад суу сактагычын өткөрүп берүү менен Кыргыз Республикасы мамлекеттер аралык мамилелердин туруктуу жана стабилдүү өнүгүшүн, Фергана өрөөнүнүн экономикалык гүлдөшүн камсыз кылуунун олуттуу механизми (ачкычы) болуп саналган өзгөчө мамлекеттик маанидеги стратегиялык объектиден ажырайт.

Кемпир-Абад суу сактагычы аркылуу өткөн Кыргыз Республикасынын чек арасы буга чейин эч качан талаш-тартыш болгон эмес, 19,5 гектар жердин бир бөлүгүн, анын ичинде дамбанын жарымын, 2 ГЭСти Өзбекстан өзү билемдик менен басып алган.

Кыргыз Республикасынын азыркы өкмөтү мамлекетти башкарууда, улуттук кызыкчылыктарды, эгемендүүлүктү жана аймактык бүтүндүгүн коргоодо 21-кылымдан тарта өзүнүн толук ийгиликсиздигин көрсөттү, деп айтылат БУУнун жана көптөгөн илимий мекемелердин изилдөөсүнө ылайык, СУУ планетадагы эң маанилүү ресурс болуп калат.

Бул жыйынга катышкан көптөгөн көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмерлер: Жогорку Кеңештин экс-спикерлери М.Шеримкулов менен А.Матубраимовдор, генералдар И.Исаков менен Т.Мамытовдор элдешүү позициясын карманып, нааразычылыксыз колдоо көрсөткөндүгүн терең өкүнүч менен билдиребиз.

Биз талап кылабыз:
1. Кемпир-Абад суу сактагычын өткөрүү убактылуу тоңдурулсун;
2. Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы жокко чыгарылсын, анткени ал эч качан талаштуу аймак болгон эмес;
3. Бул маселенин өлкө үчүн жана улутубуздун келечеги үчүн өтө маанилүүлүгүн эске алып, бул маселени жалпы элдик референдумга алып чыгуу”.


сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх