ТИМ: Украинадагы аткылоодон Кыргызстандын жарандары жабыркаган жок
ТИМ кыргызстандыктар үчүн ишеним телефонун уюштурду
Алдын ала маалымат боюнча, Украинадагы аткылоодон жабыркаган Кыргызстандын жарандары жок. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.
"Украинанын шаарларындагы учурдагы кырдаалга байланыштуу Тышкы иштер министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Украинадагы элчилиги Кыргызстандын жарандары үчүн консулдук-укуктук мүнөздөгү бардык маселелер боюнча кайрыла ала турган ишеним телефонун уюштурду", — деп айтылат ТИМден. Дипломатиялык өкүлчүлүк Украинада убактылуу/туруктуу жүргөн кыргызстандыктар менен байланышта. Алдын ала маалыматтар боюнча, КР жарандарынын арасында аткылоодон жабыркагандар жок”.
Кыргызстандын Украинадагы элчилиги:
+380997573413, +380442370346, +380442370348, ошондой эле WhatsApp группасы.
Тышкы иштер министрлигинин Консулдук кызмат департаменти:
+996 (551) 312-000 - ишеним телефону (WhatsApp).
ТИМ басма сөз кызматы
Сүрөт www