Кыргызстан БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешине 2023-2025-жылдарга шайланды
Кыргыз Республикасынын кезектеги шайлоосу – бул өлкөнүн адам укуктары жаатындагы жетишкендиктерин дүйнөлүк коомчулук тарабынан таануу
Бир күн мурун, 11-октябрда Нью-Йорк шаарында 2023-2025-жылдарга БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешине шайлоодо Кыргыз Республикасы Бириккен Улуттар Уюмуна мүчө 126 мамлекеттин колдоосуна ээ болуп, жеңишке жетти.
Кыргызстанды Адам укуктары боюнча кеңешке шайлоо боюнча тышкы саясий милдет мамлекет башчынын өзгөчө көзөмөлүндө болду, ал БУУнун Башкы Ассамблеясынын 77-сессиясынын Жогорку деңгээлдеги жумалыгында сүйлөгөн сөзүндө дүйнө коомчулугун колдоо көрсөтүүгө чакырды. Президент Садыр Жапаровдун бул көрсөтмөсү Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматы тарабынан ийгиликтүү ишке ашырылды.
Азиялык топтун ичинен 2023-2025-жылдар үчүн БУУнун АУСте төрт орун үчүн алты өлкө - Кыргыз Республикасы, Афганистан, Бангладеш, Вьетнам, Мальдив аралдары жана Корея Республикасы күрөштү.
Кыргызстандын мындай беделдүү эл аралык органга кезектеги шайлануусу – бул өлкөнүн адам укуктары жаатындагы жетишкендиктерин жана анын адам укуктарын, негизги эркиндиктерди жана демократиялык өнүгүүнү коргоо жана илгерилетүү боюнча глобалдык кампанияга келечектеги салымын дүйнөлүк коомчулук тарабынан таануу.
Кыргыз Республикасы 2009-2012 жана 2016-2018-жылдары БУУнун адам укуктары боюнча комиссиясынын мүчөсү болгон.
Тышкы иштер министрлигинин маалымат бөлүмү
Сүрөт www