Укук коргоочу Камил Рузиев документтерди жасалмалоо боюнча күнөөлүү деп табылды
Адвокат 80 миң сом айып пул төлөшү керек болот
Ысык-Көлдөгү “Вентус” укук коргоо уюмунун жетекчиси Камил Рузиев документтерди жасалмалоо боюнча күнөөлүү деп табылды. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына ал өзү билдирди.
Ысык-Көл облустук соту Рузиевди 80 миң сом айыпка жыккан.
Эске салсак, буга чейин Vesti.kg сайты 2020-жылдын май айында Камил Рузиев УКМКнын кызматкерлери тарабынан кармалганын жазган. Укук коргоочу өзү иштеп жаткан иштердин бири боюнча соттун өкүмүнө даттануу мөөнөтүн узартуу үчүн колдонгон медициналык корутундуну бурмалаган деген шек менен кармалган. Аны менен бирге медайым ага бул күбөлүктү берип, жасалма документтерди жасаган деп шектелген.
Кийин Каракол шаардык соту Рузиевди күнөөсүз деп тапкан.
Сүрөт www