Дастан Бекешев: Кыргызстандагы орустардын абалы кандай? Мигранттарбы? Качкындарбы?
Эмгек министрлигинин башчысы РФнын бизге кайрылган жарандары каттоодон өткөнгө чейин мигрант болуп эсептелерин түшүндүрдү
Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Дастан Бекешев Орусиядан Кыргызстанга келген жарандардын абалына кызыкты.
«Акыркы убакта бизге Россиянын жарандары көп келип жатышат», - деди депутат Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаевге. - Алар кимдер? Мигранттар, качкындар?
Өз кезегинде Базарбаев орусиялыктар Кыргызстанда каттоодон өткөнгө чейин мигрант экенин түшүндүрдү.
«Каттоодон өткөндөн кийин алар качкын болуп калышат», - деди чиновник.
Бирок Бекешев министрликтеги ашыкча бюрократизмге токтолду.
«Менин оюмча, сиз негизсиз формалдуулукка жана бюрократизмге баш ийип жатасыз», - деп нааразы болду Бекешев. - Бизден бир адам башпаанек сурап жатат, аны каттоого байлап жатасың. Бул айрым мамлекеттерге жагуу аракети эмеспи? Анткени, качкын макамы жок болсо, башка мамлекеттердин талабы менен жарандарды өткөрүп беришибиз керек.
Ислам Жолдошов
сүрөт www