Караколдо 7 жаштагы кыз эртең менен мектепке кетип, дайынсыз жоголду (фото)
Милиция баланы арыз түшкөндөн бир сааттан кийин таап, ата-энесине кайтарып берген. Мектеп окуучусунун апасы күзөтчүлөргө ыраазычылык билдирди
Бир күн мурун, 11-октябрда саат 17:00дөр чамасында Каракол ШИИБге жергиликтүү тургун кайрылып, жашы жете элек 7 жаштагы кызынын жоголуп кеткендигин билдирген. Апасынын айтымында, кыз эртең менен саат 8:00дө мектепке чыгып кеткен бойдон кайтып келген эмес.
Каракол ШИИБдин жалпы өздүк курамы ыкчам түрдө кызды издөөгө киришкен. Бир саатка созулган издөө иштеринин натыйжасында милиция кызматкерлери баланы аман-эсен таап, андан соң ата-энесине өткөрүп беришкен.
Кыздын апасы шаардык милиция кызматкерлерине чын жүрөктөн ыраазычылыгын билдирди.
Бул тууралуу Ысык-Көл облусунун ИИБнын басма сөз кызматы билдирди
Ысык-Көл облусунун ИИБнын фотосу