Жогорку Кеңеште пулемет салынган кутулар тууралуу Талант Мамытов: Бул парламентти сыйлабагандык
Экс-спикер отставкага кетүү чечимине парламенттин жабык жыйынында жаңжал таасир эткенин мойнуна алды
Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Талант Мамытов Vesti.kg сайтынын кабарчысы менен болгон маегинде кызматтан кетүүсүнүн себептерин айтып берди.
«Парламентте белгилүү окуялар болгонун билесиңер, жыйындар залына эки куту пулемёт киргизилди», - деди Мамытов. - Менде бул боюнча маалымат жок болчу. Бул парламентти сыйлабагандыктын көрүнүшү. Функционалдык милдеттеримдин алкагында мен буга жооп беришим керек болчу. Албетте, анча-мынча оозеки тирешүү болду, бирок бул жолугушуу жабык эшик артында өткөндүктөн, майда-чүйдөсүнө чейин айтуу туура эмес. Бирок, мен дагы бир жолу баса белгилеп кетким келет, бул менин жеке чечимим болчу.
Ислам Жолдошов
сүрөт www