Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кийинки аптадан тарта Кыргызстанда көмүрдү экспорттоого тыюу салынат

Ал арада Бишкек ЖЭБине отун Казакстандан сатылып алынат

Кыргызстанда 17-октябрдан тарта көмүрдү экспорттоого убактылуу чектөө киргизилет. Бул тууралуу энергетика министри Таалайбек Ибраев маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, өлкөдө көмүргө болгон суроо-талап көп болгондуктан тыюу салуу пландалууда.

«Азыр алып-сатарлар Кара-Кечи көмүрүн алып, мүшөккө салып, жүк ташуучу унаалар менен чет өлкөгө алып кетишет. Биз дайыма баанын көтөрүлүшүнө мониторинг жүргүзүп турабыз. Ким 4000 сомдон жогору сатса, аны конфискациялап, унаага жүктөөгө тыюу салабыз», - деп түшүндүрдү ал.

Муну менен катар министр Бишкек ТЭЦине Казакстандан 400 миң тонна көмүр сатылып алынарын кошумчалады. Ибраев белгилегендей, отун тендерсиз, түз сатып алынат.

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх