Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

ИИМ бардык айдоочуларды видеорегистраторлорду орнотууга милдеттендирмекчи

Мыйзам долбоору 2025-жылы күчүнө кириши мүмкүн

ИИМ бардык айдоочуларды унааларына видеорегистраторлорду орнотууга милдеттендирүүнү сунуштоодо. Токтом долбоору коомдук талкууга чыгарылды.

Мыйзам долбоорунун демилгечилери эгер документ кабыл алынса, норма 2025-жылдын январынан тарта күчүнө кирерин белгилешүүдө. Унаа ээлерине гаджет сатып алууга убакыт берилет.

Мекеме сунушталып жаткан чара коомдук коопсуздукту жана айдоочулук тартипти жакшыртат деп үмүттөнөт.

«Мындан тышкары, видеорегистраторлор укук бузууларды аныктап, жол кырсыктарын талдоодо талаштуу кырдаалдарда маанилүү курал болуп калат. Бул норма укук бузуулардын жана кылмыштардын алдын алууга да, алардын ачыкка чыгышына да оң таасирин тийгизет», — деп айтылат документтин негиздемесинде.

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх