Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстанда жашоо минимуму 13,5 пайызга өстү

Бул көрсөткүчтүн эң жогорку мааниси Жалал-Абадда байкалат

Кыргызстанда 2022-жылдын үчүнчү кварталында калктын жан башына жашоо минимумунун орточо көрсөткүчү жалпы өлкө боюнча 7242,09 сомду түзүп, өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 13,5 пайызга өстү. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитет билдирди.

Анын айтымында, бардык аймактарда жашоо минимумунун наркынын жогорулашы белгиленген. Анын эң жогорку мааниси Жалал-Абад облусунда – 7 миң 495 сомду түзүп, республикалык орточо көрсөткүчтөн 10,8 пайызга жогору, ал эми эң төмөнкүсү – Талас облусунда – 6 миң 584 сом түзүлүп, республикалык көрсөткүчтөн 12,5 пайызга төмөн.

Өкмөттүн 2009-жылдын 6-ноябрындагы токтому менен бекитилген жашоо минимумунун структурасына ылайык, андагы азык-түлүк товарларынын үлүшү 65 пайызды, азык-түлүк эмес товарлардын үлүшү 16 пайызды, кызмат көрсөтүүлөрдүн үлүшү 17 пайызды жана салыктардын 2 пайызын түзөт. Азык-түлүк себетинин энергетикалык баалуулугу 2101 ккал, ал эми химиялык курамында 73 грамм белок жана 71 грамм май бар.

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх