Сузак районунда селден жабыркаган сегиз үй-бүлө жаңы үйгө ээ болду
Жалпысынан сегиз үйдүн курулушуна 12 миллион сом жумшалган
Сузак районунун Кара-Дарыя айылында селден турак-жайы жабыркаган сегиз үй-бүлө жаңы үй алышты. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Маалыматка ылайык, үйлөрдүн ачкычын тапшыруу аземине Жалал-Абад облусунун башчысы Абсаттар Сыргабаев, Жогорку Кеңештин депутаты Жеңиш Токторбаев, Сузак районунун акими Баратбек Сыдыкназаров жана жергиликтүү тургундар катышты.
Белгилей кетсек, бул үй-бүлөлөрдүн үйлөрү былтыр селден жабыркап, жашоого таптакыр жараксыз болуп чыккан.
Өкүлчүлүктөн билдиришкендей, Карадарыя айыл аймагынын Чангыр-Таш айылынын бир катар тургундары бир жылдан бери вагондо жашап келишет. Үй салууга мүмкүнчүлүгү жок тургундарга жер тилкеси бөлүнүп, мамлекеттен 5 миллион 600 миң сом үч бөлмөлүү батирге бөлүнгөн.
Мындан тышкары облустун мекеме-ишканаларынын кызматкерлеринин бир күндүк эмгек акысы которулду. Жалпысынан сегиз үйдүн курулушуна 12 миллион сом жумшалган.
Облус жетекчиси Абсаттар Сыргабаев жаратылыш кырсыгынан жабыркаган жарандарды жаңы ыңгайлуу турак-жай менен куттуктады. Мамлекеттин жардамына муктаж үй-бүлөлөр унутулбай турганын белгилеп, айыл тургундарына түзүлгөн шарттар тууралуу маалымат берди.
Сүрөт www