Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Ысык-Көл облусунун тоолорунда сейилдеп жүрүп жоголгон эки орусиялык жаран табылды (фото)

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги эки күн бою чет элдиктерди издеди

Ысык-Көл облусунун тоолорунда сейилдеп жүрүп жоголгон эки орусиялык жаран табылды. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.


«Орустардын адашып кеткени жума күнү кечинде белгилүү болду», - деп айтылат маалыматта. - Эркектер Чолпон-Ата шаарынын батыш тарабында жайгашкан Арал капчыгайында жоголгон. Ал жакка Ысык-Көл облустук куткаруу отрядынын куткаруучулары жөнөтүлгөн. Издөөдөн эч нерсе чыкпай, эртеси да уланган. Көп өтпөй чет элдиктер табылып, куткаруучулар аларга тоодон аман-эсен түшүүгө жардам беришкен.

Михаил Готфрид
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх