Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Орусияда мобилизацияланган жарандар Белгород облусундагы полигондо кесиптештерин атып салышты

Кол салууну Тажикстандын жарандары жасаганы айтылууда. 11 адам каза болду

Орусияда мобилизацияланган жарандар аскердик машыгуу учурунда Белгород облусундагы полигондо кесиптештерин атып салышты. Бул тууралуу ТАСС билдирди.

"Батыш аскер округунун полигонунда каргашалуу окуя болду", - деп билдирди окуя тууралуу Россия Федерациясынын Коргоо министрлиги. - Кол салууну КМШ өлкөлөрүнүн биринин эки жараны жасаган. Аскердик машыгуудан өтүп жаткан ыктыярчыларга ок атуучу куралдар менен ок атышкан.  Кырсыктын кесепетинен 11 адам каза болуп, 15 адам жаракат алган. Жабыркагандар аскердик госпиталга жеткирилген. Алар керектүү жардамдын баарын алышат».

Такталбаган маалыматтарга караганда, кол салгандар Тажикстандын жарандары.

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх