ЖКнын төрагасы Нурланбек Шакиев: Бардык документтердин түп нускасы мамлекеттик тилде даярдалышы керек
Төрага кесиптештерин орфографиялык, стилистикалык, пунктуация жана башка каталарды кетирбөөгө чакырды
Бүгүн, 18-октябрда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Жогорку Кеңештин аппаратынын бөлүм башчылары жана бөлүм башчыларынын орун басарлары менен кеңешме өткөрдү. Мындан тышкары, жыйынга тиешелүү комитеттердин бөлүм башчылары жана парламенттик фракциялардын катчылыктары катышты.
Шакиев белгилегендей, Жогорку Кеңеш өз ишин учурдун талабына жана чакырыктарына ылайык жүргүзүшү керек.
«Парламент коомду алдыга жылдыруу менен бирге тарбиялык да ролду ойношу керек. Кабыл алынган ар бир мыйзамдын, токтомдордун, чечимдердин мамлекетибиздин келечеги үчүн кызмат кылуусу үчүн сапаттуу болушуна өзгөчө көңүл бурушубуз керек. Бардык документтердин түп нускасы мамлекеттик тилде даярдалып, орфографиялык, стилистикалык, пунктуация жана башка каталарга жол бербөө башкы милдетибиз», - деди ал.
Баяндамачы ошондой эле аппараттын кызматкерлерин ыкчам иштөөгө чакырып, иш процессин санариптештирүүнүн жана бюрократизмди жоюунун маанилүүлүгүн белгиледи.
«Тартип жана жоопкерчилик биздин ийгиликтүү ишибиздин ачкычы. Андыктан ар бир кызматкер өзүнүн функционалдык милдеттерин билимине жана тажрыйбасына жараша кесипкөй аткарышы керек”, - деп кошумчалады Нурланбек Шакиев.
Ошол эле учурда калкка Жогорку Кеңештин ишмердүүлүгү тууралуу так жана ишенимдүү маалыматка жетүүнү камсыз кылуу кечиктирилгис зарылчылык экенин билдирди.
«Буга байланыштуу коомчулук жана ММКлар менен иштөө бөлүмүн күчөтүү, «Парламент» радиосунун ишин жандандыруу зарыл. Жарандардын назарына ишенимдүү, бурмаланбаган маалыматтарды өз убагында жеткирүү парламенттин ишмердүүлүгүнө ачык жана туура баа берүүгө өбөлгө түзөт», - деп жыйынтыктады спикер.
КРнын ЖК Аппаратынын коомчулук жана жалпыга маалымдоо каражаттары менен иштөө бөлүмү
Сүрөт www