Кемпир-Абадды берүү. Оппозиция Чыңгыз Айдарбековго кысым көрсөтүүнү токтотууну талап кылууда
БДК мүчөлөрү бийликтегилер депутаттарды суу сактагычты Өзбекстанга өткөрүү боюнча чечимге кол коюуга аракет кылып жатканына нааразы
Бириккен демократиялык кыймыл Кемпир-Абад суу сактагычынын Өзбекстанга берилиши мүмкүндүгүнө байланыштуу кезектеги кайрылуу жасады.
«Кемпир-Абад суу сактагычын Өзбекстан Республикасына өткөрүүгө даярдык көрүү менен байланышкан соңку окуялар элдин нааразылыгын жана бийликти бул маселени күч менен чечүүгө аракет кылып, пикирди четке кагып жатканы үчүн болуп көрбөгөндөй катуу сындады. Оппозиция өкүлдөрүнө, жергиликтүү активисттерге, журналисттерге жана блогерлерге жасалган кысым бийликтин мыйзам чыгаруу бутагы – Жогорку Кеңештин депутаттарына кысым көрсөтүү стадиясына өттү.
Бул маселени КР Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин жыйынында кароодо Конституцияны жана “КРнын Регламенти жөнүндө” конституциялык мыйзамды одоно бузууга жол берилип, депутаттарга орой басым жасалган. күч түзүмдөрүнүн башчысы азыркы бийликтин чыныгы максатын ачыкка чыгарды – өлкөнүн аймактык бүтүндүгүн бузуу, стратегиялык, өзгөчө маанилүү объектилерди башка мамлекетке өткөрүп берүү жолу менен да өз бийлигин сактап калуу.
Кемпир-Абад суу сактагычын Өзбекстанга өткөрүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө КР ЖКнын токтомуна кол коюуга мажбурлоо үчүн КР ЖК комитетинин төрагасы Чынгыз Айдарбековго жана анын орун басарларына кысым көрсөтүүнү жол берилгис деп эсептейбиз. Мына ушундай кейиштүү фактылар биздин жаңы тарыхыбызда да бар, бийлик Конституцияны жана мыйзамдарды бузуп, коомчулуктун пикирин тоготпой, алгачкы тарыхый жерлерибизди кошуналарга өткөрүп берген. Анын кандай аяктаганы, кийин кандай баа алганы белгилүү. Аларды улуттук кызыкчылыкты саткандыгы үчүн жоопко тартуу маселеси мезгил талабы, ал сөзсүз келет!
Урматтуу эл шайлаган эл өкүлдөрү!
Сиздин алдыңызда тарыхый тандоо турат: же омурткасыз ынтымак позициясын карманып, келечекте чыккынчы болуу, же бийликтин кынтыксыз кысымына алдырбай, улуттук кызыкчылыкты коргоо жолуна түшкөн чыныгы патриот болуу.
Тандоо сизде!” деп айтылат кайрылууда.
сүрөт www