Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкектеги караокеде кызды сабаган адам каза болду (фото)

Каза болгон мушташта 7 адам кармалды

Бишкекте эркек киши караокеде кызды сабап, андан соң мушташып каза болду. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына ИИМдин Кайгуул-күзөт кызматынын басма сөз кызматы билдирди.


«Бир күн мурун бизге «Чыгыш-5» кичи районунда жайгашкан оюн-зоок жайларынын биринде адам өлтүрүлгөнү тууралуу телефон чалган», — деп билдиришти милициядан. - Келгенден кийин кызматкерлер 35 жаштар чамасындагы азиат улутундагы адамдын сөөгүн табышкан. Кылмышка шектелип 7 жаран кармалып, Свердлов районунун ички иштер башкармалыгына жеткирилген. Кармалгандардын айтымында, алардын баары караоке-барда эс алышкан. Анда чыр чыгып, анын жүрүшүндө жабырлануучу кыздардын бирин сабап салган. Мушташ чыгып, натыйжада ал каза болгон.

 

Окуя Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Тергөө иштери башталды.


Михаил Готфрид
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх